Дүйнө

Эми Афганистанда аялдар сулуулана алышпайт. Талибдер сулуулук салондорун жабышты

Афганистанда аялдардын сулуулук салондоруна тыюу салынды. Алардын ээлерине бир ай мөөнөт берилди. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

«Кабул шаарынын жана өлкөнүн провинцияларынын деңгээлиндеги аялдардын сулуулук салондоруна канча бир убакытка иштөөгө тыюу салынган, берилген лицензиялар жана келишимдер жараксыз», — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми сулуулук салондорунун айрым ээлери буга нааразы болушууда. Алардын айтымында, бул бир үй-бүлөгө киреше алып келген иш.

Афганистанда бийлик алмашкандан бери аялдарга жана кыз-келиндерге билим алууга, айрым иш менен алек болууга жана спорттук залдар менен сейил бактарга барууга тыюу салынды. Учурда аларга көзүн гана жаппай жүргөнгө уруксат, ошондой эле 72 чакырымдан алыс жакка бара турган болсо, анда сөзсүз эркек тууганынын коштоосунда болушу шарт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button