Коом

Кендирбаева: «Эл үмүтү» программасынын бардык эле катышуучулары Кыргызстанга кайтып келүүгө даяр эмес

«Эл үмүтү» программасынын бардык эле катышуучулары Кыргызстанга кайтып келүүгө даяр эмес. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Буга чейин Элдик курултайда президент Садыр Жапаров мамлекет чет өлкөдө билим алган жаш, таланттуу жарандарды Кыргызстанга тартууга аракет кылып жатканын белгилеген. Министрдин айтымында, «Эл үмүтү» программасынын бардык стипендиаттары мекенге кайтып келүү боюнча милдеттенмени аткарбай жатышат.

«Биз буга абдан кызыкдарбыз. Мамлекеттин жана салык төлөөчүлөрдүн эсебинен “Эл үмүтү” стипендиясын алып, чет өлкөдө окуган кыргызстандыктар өлкөгө кайтып келип, салым кошушу керек. Биз аларды чакырдык, бирок баары эле келбей жатат. Фамилияларын атабайм, бирок алар муну өздөрү билишет. Айрымдары чет өлкөдө иштей алышы үчүн мамлекеттин аларга дооматтары жок экендиги тууралуу кат жазып берүүнү суранышты, бирок биз муну жасай алган жокпуз. Бул — мамлекет алдындагы жоопкерчилик жана абийир маселеси», — деди Кендирбаева.

Ал ошондой эле билим берүү тармагында чет өлкөдө иштеп жүргөн бүтүрүүчүлөрдүн бирин Кыргызстанга кайтып келүүгө чакырып, министрдин орун басары кызматын сунуштаганын айтты.

«Мен ага сырттан эксперттик пикир айта бербестен, топтогон тажрыйбасын колдонуп, реформаларды ичинен жүргүзүүнү сунуштагам. Бирок ал чет өлкөдө айлыгы жогору экенин айтып, баш тартты. Мындай сүйлөшүү президенттин катышуусунда да болгон, мамлекет башчысы да айткан, бирок ал адис акыры кайтып келген жок. Айлыгы көтөрүлүп, социалдык ипотека аркылуу батир да берилмек», — деп кошумчалады министр.

Анын айтымында, айрым бүтүрүүчүлөр кайтып келүүдөн баш тартуусун өлкөдө туруктуулуктун жана кепилдиктердин жоктугу менен түшүндүрүшөт.

«Бирок мен мындай деп айтат элем: толук туруктуулук орногондо, мындай адистерге муктаждык анчалык курч болбой калат. Ошол эле учурда кайтып келип жаткандар да бар. Маселен, бир жаш жигит Германияда окуп бүтүп, андан соң кадрдык резервге кирип, министрликте иштеген. Ведомствонун кайра уюштурулушунан кийин ал Илим министрлигинин адиси болду», — деп жыйынтыктады Догдуркүл Кендирбаева.

Тектеш кабарлар

Back to top button