
Таиланддык 49 жаштагы Чатапорн Срифонлаөзүнүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына бараткан жолдо эсине келгенин Daily Mail басылмасы билдирди.
Аял боордун рагы менен ооруканада дарыланып жаткан жана дарыгерлер анын үй-бүлөсүнө бейтаптын аман калуу мүмкүнчүлүгү өтө аз экенин эскертишкен. Анан апасы кызын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн жакындары менен өткөрүш үчүн үйүнө алып кетүүнү чечет.
Чатапорн ооруканадан үйүнө жеткирилген күнү дарыгерлер анын дем алуусу токтоп калганын аныктап, каза болгонун айтышкан. Апасы дароо туугандарына телефон чалып, кабарлап, коштошууга даярданууну суранган. Күбөлөрдү таң калтырганы «каза болгон» аял капысынан ойгонуп, көзүн ачкан.
Бейтап кайрадан ооруканага жеткирилип, ал дагы эле дарыгерлердин көзөмөлүндө.



