Мыйзам баарына бирдей. Жасалма дипломдуу эки депутат мандатынан ажыратылды

«Платон менин досум, бирок чындык улуу» демекчи, мыйзам баарына бирдей иштеши керек. Жасалма дипломдун аркасы менен мамлекеттик бюджеттен айлык алып, элди алдап жүргөн атка минерлер ачыкка чыкты. УКМКга бали дегенден башка эмне айтабыз? Мыйзам баарына бирдей, ал бийликтин партиясы болобу же оппозиция болобу, мыйзамсыз иш аракети үчүн жооп бериши керек.
КР Президентинин тапшырмасы менен 2022-жылдан бери мамлекеттик кызматкерлердин, ошондой эле депутаттардын дипломдорунун жасалма же жасалма эместиги текшерилип, бул иштин аркасында КР УКМКсы жасалма дипломдордун ээси кимдер экендигин аныктады. Жасалма дипломдун аркасы менен, элди алдап, депутат болуп келген Орозайым Нарматова деген айымдын атын баарыбыз эле жаттап калдык, ал бир ай иштебей эле депутаттык мандатынан ажыраган.
Эми жасалма дипломдун аркасына жамынып парламентке келген дагы эки депутаттын бети ачылды. Атап айтканда, “Альянс” партиясынан Фарходбек Алимжанов менен “Ата-Журт-Кыргызстан” партиясынан Фархад Исмаилов деген депутаттар эми мыйзам алдында жооп берүү алдында турат. Туура, мыйзам бардыгына бирдей болушу керек. Акыйкаттыкты дагы капка катууга мүмкүн эмес. Акыры ушинтип кимдин-ким экени көрүнүп калат.
Айтмакчы, БШКга Билим берүү жана илим министрлиги дагы расмий маалымат берип, ЖК депутаттары Фарходбек Алимжанов менен Фархад Исмаиловдун жогорку билими тууралуу дипломдору жасалма экендигин тастыктады.
Жасалма дипломдуу эки депутаттын ишин караган комиссия мандатынан ажыратты.



