Окуялар
Маркумдун апасы эч кимге доосу жок экенин айткан. Кара-Көлдө 33 жаштагы жаран асынып алды

Кара-Көл шаарында 33 жаштагы эркек киши асынып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-июлда саат 09:30 чамасында Кара-Көл шаарынын 33 жаштагы тургуну асынып алган.
Бул окуя Кара-Көл ШИИБинин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынган. Окуя боюнча каза болгон жарандын апасы эч кимге доосу жоктугун билдирип арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.



