Окуялар

Кызыл-Кыяда лифтке бекилип калган аял куткарылды

Баткенде куткаруучулар бекилип калган лифттен аял кишини алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдө бекилип калган лифтте аял киши калып калган. 

Аны куткарууга Кызыл-Кыя шаарындагы 4-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун 9 куткаруучусу барышкан. Алардын ыкчам аракети менен аял бекилип калган лифттен куткарылган.

Белгилей кетсек, жабырлануучу медициналык жардамга муктаж эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button