Окуялар

Кара-Сууда каналга агып кеткен 9 жана 7 жаштагы балдар бир тууган болушкан

Кара-Сууда жансыз денеси табылган 9 жана 7 жаштагы балдар бир тууган болушкан. Маалыматты  Ош ОИИБден тастыкташты.

11-июль күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Ачы айылынан агып өткөн Южный каналына 2014 жана 2016-жылы туулган балдар түшүп кеткен.

12-июль күнү эртең менен Кара-Суу району боюнча өздүк курамына «Айгай» жарыяланып, издөө иштеринин натыйжасында саат 11:06да 2014-жылы туулган баланын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Саат 11:32де 2016-жылы туулган баланын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button