Камчыбек Ташиев министрлерге эмгек өргүүсүнө чыгып, Ысык-Көлдө эс алууга тыюу салды
Кыргызстандын министрлер кабинетинин мүчөлөрү быйылкы жылы эмгек өргүүсүн алышпайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында төраганын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, министрлерди өзү көзөмөлдөйт.
«Министр болуп иштегенге келдиңизби, демек жакшы иштегиле. Эл эс алып жатса, машина айдап, эс алуунун кереги жок. Биз талыкпай иштешибиз керек. Көл жээгинде шорты кийип күнгө күйгөн бир дагы министрди көрбөйүн. Үйдө эс алгыла. Каникул болбойт», — деди Камчыбек Ташиев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы министрлерге саат 6.00дө жумуш ордунда болууну тапшырды. «Мен саат 5:00дөн бери жумуштамын. А сен 8.30-9.00 келесиң. Кечирээк тыгындарды болтурбоо үчүн эрте келиңиз. Саат 6.00 кел. Бул элге үлгү болот», — деди ал.



