Окуялар
Айдоочу каршы тилкеге чыккан. Ысык-Көлдө жеңил унаа менен бензовоз сүзүштү

Ысык-Көл районунда Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда күн мурун “Ауди-100” жана “КамАз” үлгүсүндөгү бензовоз сүзүшкөн.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча бензовоздун айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткен.
Учурда унаалар айып аянтчасына киргизилген. Кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген.


