Сокулукта топ балдар өтүп бара жаткан жарандарга эч себепсиз союл менен кол салган

Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылында бир нече адам жарандарды себепсиз сабаган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Соцтармакта өтүп бара жаткандарга союл менен кол салган жарандардын видеосу тараган.
Милициянын билдирүүсүнө ылайык, 28-июлга караган түнү Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылында топ балдар эч себепсиз жолдо бир нече жаранды сабап, эки унаага зыян келтиргендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт Сокулук райондук милициясына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Иш Чүй облустук милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүндө.
Учурда бул окуяга тиешеси бар адамдардын бардыгы аныкталып, жана алты адам Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.


