Коом
Бишкектеги Жал кичи районундагы “Шашлычная №1” кафесин бузуп жатышат

Жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат.
Мэрия мындай чечим ижара келишиминин токтолушуна байланыштуу экенин, сүйлөшүүлөрдөн кийин мекеменин ээлери объектини өз ыктыяры менен демонтаждоо милдетин алышканын билдирди.
Буга чейин мекемени курууда бир топ мыйзам бузуулар аныкталган. Ошондой эле райондун тургундары тарабынан да даттануулар түшкөн.



