Президент Садыр Жапаровдун китеби жарыкка чыкты

Президент Садыр Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)» деген аталыштагы жаңы китеби жарыкка чыкты.
Китеп 4 бөлүмдөн, 136 барактан турат. Нускасы 41 000 даана. Багыттаманы жазууда дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы учурдагы кырдаалдар эске алынган. Анын биринчи бөлүмүндө жаңы Кыргызстанды курууга багыт алуу идеясынын жаралышы тууралуу сөз болот.
Экинчи бөлүмүндө мамлекеттин өзөк-идеологиялык негизги иш багыттары жөнүндө
айтылат.
Ал эми үчүнчү бөлүмдө улуттук-өзөк идеологиянын негизги багыттары, тарыхтагы эл
уулдары, «Манас» эпосу, эл жазуучу Чыңгыз Айтматов, кенже эпостор, кыргыз эл
жомоктору, улуттук музыкалык аспаптар, улуттук оюндар, улуттук кийимдер, кол
өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш темаларына токтолгон.
Автор өлкө эгемендикти алган алгачкы жылдардан тарта улуттун жана мамлекеттин
максаттуу өнүгүшүн көрсөткөн идеология жок болуп жатканы тууралуу байма-бай сөз болуп келгенин айтат. Улуттун жана мамлекеттин багыттуу жолун аныктаган, терең мааниге ээ бул эмгектин окурмандарга сунушталышы менен ошол кемчилик
толукталганы айтылат.
Автор “өзөктүк мазмунга ээ болгон ойлор кыска, так маанисинде гана берилген. Ар бир багыт боюнча кеңири сөз кылып, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү окумуштуулардын иши болмокчу” деп белгилеген.

Президент баш сөзүндө багыттаманын кыска жолун сунуштоону тандап алганын
айткан. Анткени дүйнө бардык жагынан ыкчам өзгөрүп жатат деген автор.
«Урматтуу замандаштар! Алдыдагы жаңылануу жолунда аткара турган иштер арбын
экенин баарыбыз түшүнөлү. Биз биргеликте, ынтымак, биримдик менен бир максатты
көздөп кадам таштасак гана кубаттуу Кыргыз мамлекетин курабыз», – деп жазган Садыр Жапаров.
Коомдук-саясий басылманын редактору — Ж.Кадыров, корректору — С.Кыдырмаева,
калыпка салган — М.Шырдаков.



