Америкалык трансгендер аял Украинанын Коргоо күчтөрүнүн расмий өкүлдөрүнүн бири болуп шайланды

АКШдан келген трансгендер аял Сара Эштон-Сирилло Украинанын Коргоо күчтөрүнүн расмий өкүлдөрүнүн бири болуп шайланыптыр.
Согушка чейин Эштон-Сирилло жөн гана журналист болгон, бирок 2022-жылы Украинага орус агрессиясына каршы күрөшүүдө макалалар менен эле алектенбей, ыктыярчы да болууну чечкен. Ал алгач Польшадагы украиналык качкындар кризисин изилдеп, андан кийин Харьковго көчүп барып, жергиликтүү тургундарга жардам берген. Былтыр октябрь айында Сара Номан Челебиджихан батальонуна өз ыктыяры менен келген. 2023-жылдын февраль айында ал жаракат алып, натыйжада оң колунун бир бөлүгүнөн ажырап, бетинде тырыктар калган.
Июнь айында америкалык орусиялык жасалма пропаганда менен күрөшүүгө багытталган англис тилдүү долбоордун спикери болууга жетишкен.
Сара кенже сержант наамына ээ жана согуштук дарыгер.
Бирок бул айым батышчылдардын Украина бийлигине батуусуна жол ачып өз элине эрдик жасаптыр. Кантсе да Украина ушундай абалда турганда АКШдан келген трансгендер аял Сара Эштон-Сирилло Украинанын Коргоо күчтөрүнүн расмий өкүлү болуп шайланганы кейиштүү эле көрүнүш. Бийлик батышка ооп бара жаткандай таасир калтырат.

Батыштын жашыл акчасы үчүн баарына даяр болуп, ЛГТБларды колдоп, матчествого окшогон биздин коомго жат көрүнүштү жармаштырууга аракет кылган биздин батышчыл бейөкмөтчүлөр элдин эртеңин йлоп сабак ала тургандай көрүнүш экен. Бүгүн ойлонбосок эртең АКШдан келген трансгендерлер бийлик бутактарына отурукташа баштаганында баары кеч болуп калаары шексиз.



