УКМК: Талас медициналык колледжинин директору 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды — ВИДЕО

КР УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. кармалды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. жана аталган колледждин башка кызмат адамдары окуунун бюджеттик жана контракттык түрлөрүнө абитуриенттерди кабыл алууга көмөктөшкөндүгү үчүн мыйзамсыз акчалай сыйлыктарды системалуу түрдө алышкан.

Жогорудагы адамдар, кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү болуу менен акчалай сыйлыкка абитуриенттерге тесттин суроолору алдын ала даярдалган туура жоопторду беришкен.
Учурда жогорудагы фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.



