“Эл үмүтү” стипендиясына 26 кыргызстандык ээ болду

2026–2027-окуу жылына карата өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыгында 26 жаран президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын 14ү быйыл окуусун баштаса, 12 стипендиат экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында билим алуусун улантат.
Стипендия ээлери дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде илим, технология, билим берүү, экономика, мамлекеттик башкаруу, саламаттык сактоо жана башка артыкчылыктуу багыттар боюнча билим алышат.
Окуунун биринчи жылында төмөндөгүлөр стипендияга ээ болду:
Стамбекова Айпери Азатбековна – Оксфорд университети, география жана айлана-чөйрө жаатындагы философия доктору (PhD) программасы боюнча.
Абдумомун кызы Бурулай – Чикаго университетинин Харрис мамлекеттик саясат мектеби, “Энергетикалык жана климаттык саясат” программасы боюнча магистратура;
Маатказиева Нази Эрнисовна – Бирмингем университети, Эджбастон, Бирмингем, “Компьютердик илимдер” программасы боюнча магистратура;
Сыдыкова Азиза Абдыкадыровна – Сидней технологиялык университети, “Маалыматтар илими жана инновациялар” программасы боюнча магистратура;
Тиленбаева Айгерим Жолдошбековна – Түштүк Калифорния университети, “Шаардык дизайн жана турак жай долбоорлоо” программасы боюнча магистратура;
Эмилев Чымбылат Эмилевич – Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университети, “Колдонмо аналитика”, “Жаңы технологиялар” адистешүүсү программасы боюнча магистратура;
Абдыкалыков Раатбек Кылычбекович – Сан-Диегодогу Калифорния университети, “Бизнес-аналитика” программасы боюнча магистратура;
Памиров Кутман Жалалбекович – Лондон университеттик колледжи, “Финансы”, “Туруктуу кирешелүү баалуу кагаздар” адистешүүсү программасы боюнча магистратура;
Абасканова Алия Таалайбековна – Амстердам университети, “Эл аралык жана европалык укук” программасы боюнча магистратура;
Атабекова Бегимжан Тургунбековна – Глазго университети, “Билим берүүдө жасалма интеллект” программасы боюнча магистратура;
Даирова Айгерим Даировна – Гарвард университети, “Билим берүү саясаты жана талдоо” программасы боюнча магистратура;
Кудаяров Чынгыз Жылдызбекович – Эдинбург университети, “Адамдын когнитивдик нейропсихологиясы” программасы боюнча магистратура;
Оморкулова Оксана Оморкуловна – Лондон экономика жана саясий илимдер мектеби, “Эл аралык миграция жана мамлекеттик саясат” программасы боюнча магистратура;
Тургунбаев Акмырза Максатбекович – Эдинбург университети, “Эл аралык мамилелер” программасы боюнча магистратура;
Окуунун экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында төмөндөгүлөр ээ болгон:
- Бахавадинов Эркебай Жайнакбаевич – Сидней технологиялык университети, “Маалыматтар жана инновациялар жөнүндө илим” программасы боюнча магистратура;
- Камчыбеков Атай Максатович – Пердью университети, “Бизнес-аналитика жана маалыматтарды башкаруу” программасы боюнча магистратура;
- Нишанов Эрбол Манасбекович – Лос-Анджелестеги Калифорния университети, “Биоинженерия” программасы боюнча магистратура;
- Нурбеков Азатбек Нурбекович – Чикаго университети, “Компьютердик талдоо жана мамлекеттик саясат” программасы боюнча магистратура;
- Батыргалиев Улукбек Бактыбекович – Стэнфорд университети, “Коомдук саламаттык сактоо” программасы боюнча магистратура;
- Жакшыбаева Айгерим Каныбековна – Эмори университети, “Коомдук саламаттык сактоо” программасы боюнча магистратура;
- Жолдошалиева Мира Жолдошалиевна – Вестерн Батыш Австралия университети, «Бизнес-аналитика» программасы боюнча магистратура;
- Акылбеков Азамат Искакович – Копенгаген университети, философия доктору (PhD) программасы боюнча, “Коомдук саламаттык сактоо” адистиги боюнча;
- Мадемилов Маамед Жолдошбекович – Копенгаген университети, философия доктору (PhD) программасы боюнча, “Коомдук саламаттык сактоо” адистиги боюнча;
- Момошова Асель Кадыржановна – Кембридж университети, философия доктору (PhD) программасы боюнча, “Жер экономикасы” адистиги боюнча;
- Жеенбекова Алымкан Суеркуловна – Гумбольдт атындагы Берлин университети, философия доктору (PhD) программасы боюнча, “Фольклористика” адистиги боюнча;
- Абдыкадырова Света Бакытбековна – Рейн-Вестфаль техникалык Ахен университети, “Жер жөнүндө колдонмо илимдер” программасы боюнча магистратура.
Стипендия магистратура жана PhD докторантурасы деңгээлинде билим алуу үчүн дүйнөнүн алдыңкы чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына, ошондой эле QS World University Rankings жана Times Higher Education дүйнөлүк рейтингдеринде алдыңкы 100гө кирген билим берүү программаларына берилет.
Ар бир стипендиаттын окуусун каржылоо Президенттик фонддун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.



