Коом
Кан жолдорго кум салынган челектер коюлууда

Транспорт министри жол кырсыктарын алдын алуу максатында өлкө жолдоруна соккуга каршы буферлер орнотулуп жатканын билдирди.

Бишкек — Кара-Балта унаа жолуна 50 жана Бишкек — Нарын — Торугарт трассасына 100 буфер коюлат. Кум толтурулган атайын челектин салмагы 200 килограмм экени айтылды.



