Коом
Ысык-Көлдө төрөт учурунда ымыркайдын ийини сынып кеткен. Иликтөө жүрүп жатат

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө баштады.
14-августта ымыркайдын ийини сынып кеткен. «Биз бул иштин чоо-жайын аныктоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз», — деп билдиришти министрликтен.
Ишти атайын комиссия текшерип жатат. Милиция дагы өз алдынча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. «Окуяга күнөөлүү медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө аныкталган мыйзам бузуулар мыйзам чегинде катуу жазаланат», — дешти министрликтен. Учурда ымыркайга да, анын апасына да толук сакайып кетүү үчүн керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.



