Коом
Өзбекстан Молдо Нияздын сөөгү коюлган жайга мемориалдык комплекс курат

Улуу ойчулдун көрүстөнү Шохимардон анклавында жайгашкан.
Фергана облусунун губернаторунун орун басары Хуршиджон Ахмедов мындай чечим эки өлкөнүн достугун бекемдөө, туристтерди тартуу үчүн жана Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата кабыл алынганын билдирди.
Молдо Нияз өз заманынын илимдүү акыны, ойчул, философ жана кыргыз тилинде эң алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык текст — «Санаттар» аттуу кол китептердин автору. Ал 1823-жылы Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Өмүрүн агартуу тармагына арнап, 73 жашында дүйнө салган.



