Коом

Adobe компаниясынын негиздөөчүсү жана PDF форматынын түзүүчүсү каза болду

Adobe программалык камсыздоосунун негиздөөчүлөрүнүн бири Жон Уорнок 83 жашында каза болгонун Tengrinews.kz Adobe сайтына шилтеме берүү менен билдирди.

Жон Уорнок ушул ишембиде үй-бүлөсү жана досторунун курчоосунда каза болгон. УорнокAdobe компаниясын 1982-жылы өнөктөшүЧарльз Гешке менен негиздеген. Алар мурда Xerox компаниясында чогуу иштешкен.

Жетишкендиктери үчүн Уорнок технология жана инновация үчүн улуттук медаль менен сыйланган, аны АКШнын мурдагы президенти Барак Обама тапшырган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button