Коом
Фуралар өтө албай топтолуп калган кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Тилек пунктуна чатырлар тигилди

Ал жерден айдоочулар медициналык жардам, консультация жана ысык тамак ала алышат. Мамлекеттик органдар тез бузула турган фураларды өткөрүү үчүн иштеп жатат.
Буга чейин казак-кыргыз чек арасында жүздөгөн машина кезекке туруп калган. Казакстан мындай көрүнүшкө чек арада баңгизатка каршы күрөшүү боюнча операция жүрүп жатканы менен түшүндүргөн.




