Индияда беш жыл мурун дайынсыз жоголгон журналист кыздын сөөгү табылды

Индияда полиция 2018-жылдын аягында дайынсыз жоголгон телеалпаруучу Салма Султана Лашкардын сөөгүн тапты. Бул тууралуу Indian Express басылмасы билдирет.
Гезиттин маалыматына караганда, Корба шаарынын полициясы (Чхаттисгарх штаты) улуттук трассанын жүрүүчү бөлүгүнөн жуурканга оролгон Лашкардын сөөгүн табышкан, ал каза болгон учурда болжол менен 30 жашта болгон. Аял жергиликтүү каналдардын биринде телеалпаруучу болуп иштеген.
Полиция Лашкарды 2018-жылдын октябрь айында анын чогуу жашаган 37 жаштагы фитнес боюнча инструктор жигити өлтүргөн деп эсептейт, ал андан кийин эки шериги менен сөөгүн бир жылдан кийин жол курулушу башталган ээн жерге жашырып койгон. Кылмышка каржылык келишпестиктер себеп болушу мүмкүн.
Апта башында үч шектүү тең камакка алынып, андан соң маркумдун болжолдуу көмүлгөн жерин аныктоого мүмкүн болгон. Жергиликтүү полициянын башчысы Удай Кирандын айтымында, тергөөчүлөр сөөктөрдүн өздүгүн тактоо үчүн жабырлануучудан жана анын жакындарынан ДНК үлгүлөрүн чогултушат.



