Маданият
Ерке Эсмахан кош бойлуу экенин ачыктады

Ушул жылдын башында үйлөнгөн казак ырчылары RaiM менен Ерке Эсмахандын «Бул махабат» аттуу ыры, клиби менен жарык көрдү.
Клипти бир күндө эле жарым миллиондой адам көргөн.
Анын эң чоң жаңылыгы Еркенин кош бойлуу экендигинде. Анын күйөрмандары түгөйлөргө бакыт каалап, «кандай гана жарашыктуу жуп», «кош бойлуулугу куп жарашыптыр», «сонун жаңылык бар турбайбы», «сиздер үчүн чын жүрөгүм менен кубанып жатам» деген пикирлерин жазышууда.
20-январда казак ырчысы Ерке Эсмахан өзүнөн 12 жаш кичүү RaiM деген ат менен таанымал болгон рэпер Райымбек Бактыгереев турмушка чыккан.



