Коом

УКМК: Таласта социалдык объектилерди курууда бюджетке зыян келтиргендер аныкталды

КР УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Турак жай-курулуш депатаментинин алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактысы аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Турак жай-жарандык курулуш департаментине» караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары башкы подрядчы жана башка кызыкдар тараптар менен сүйлөшүп алып, Талас облусунун Кара-Буура районундагы «Чоң Кара-Буура айылындагы суу өткөргүч жана суу түтүктөрү» объектинин курулушу үчүн аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалоо менен, курулушка бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын бир бөлүгүн өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталган. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертиза кызматынын корутундусуна ылайык, мамлекетке 1 191 670 сом өлчөмүндө зыян келтирилип, учурда анын орду толук толтурулду.

Азыркы учурда бул ишке тийешеси бар адамдардын укук бузууларын аныктоо жана көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге катышкандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди Атайын кызматтын маалымат борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button