Коом

ЖКККББ: 31-август күнү Ош шаарында майрамдык иш-чараларга байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. ТИЗМЕ

Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар:

-Тилеке-Баатыр көчөсү (Тилеке-Баатыр көчөсүнүн Б.Нурматов — Ы.Монуев көчөлөрү менен кесилишкен аралыгы);

-Э.Аматов көчөсү (Э.Аматов көчөсүнүн Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен аймагынан баштап Э.Алиев көчөсү менен болгон кесилишине чейинки аралыгы, болжол “Кыргызстан” банкы)

— А.Мамыров көчөсү (А.Мамыров көчөсүнүн Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен аймагынан баштап Э.Алиев көчөсү менен болгон кесилишине чейинки аралыгы, болжол “Даяр” кафеси)

-А.Заднепровский көчөсү (А.Заднепровский көчөсүнүн Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен аймагынан баштап Э.Алиев көчөсү менен болгон кесилишине чейинки аралыгы, болжол “Ферас” мончосу);

-А.Асранкулов көчөсү (А.Асранкулов көчөсүнүн Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен аймагынан баштап Э.Алиев көчөсү менен болгон кесилишине чейинки аралыгы, болжол “РСК” банкынын күн батыш жагындагы тушу);

-Пушкин көчөсү

-Абдыразаков көчөсү (Абдыразаков көчөсүнүн Б.Нурматов көчөсү менен кесилишкен аймагынан баштап Т-Медиа телеканалынын имаратынын алдына чейин);

-Э.Алиев көчөсүнүн А.Мамыров, Э.Аматов көчөлөрү менен болгон аралыгындагы Коргоо министрлигине караштуу эски Воент;

-Э.Аматов көчөсүндөгү Ош облустук ички иштер бакармалыгына караштуу милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальону

-Айтиев көчөсүндөгү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы бөлүгүнүн ички аянты

— “Сулайман-Тоо” тарыхый архиологиялык музей комплексине караштуу Г.Айтиев көчөсүндөгү автотоктотмо (чөнтөк аялдаманын арты)

-Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын автогаражы;

-Сай бою көчөсүнүн Тилеке-Баатыр көчөсүнө өтүүчү көпрөсүндөгү аймагынан баштап, ылдый жагындагы Р.Абдыкадыров көпүрөсүнүн астына чейинки аймагы

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button