Мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго көзү өткөндөн кийин мамлекеттик жогорку наам берилди

Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин! Мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго көзү өткөндөн кийин мамлекеттик жогорку наам берилди.
Ага Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Совет мезгилинде Исанов мамлекеттик жетекчи кызматтарда иштеген. 1991-жылдын 21-январында эгемендүү Кыргызстандын алгачкы өкмөт башчысы болуп дайындалган. 1990-жылы Аскар Акаев менен кошо президенттикке ат салышкан. Премьерликтен көп өтпөй эле ал кездеги версиялар боюнча жол кырсыктан, 48 жашында көз жумган. Исановдун каза болушу көптөгөн бүдөмүк ойлорду жараткан.



