КР УКМК: Талас районунун кызмат адамдары мыйзамсыз жер тилкесинен мамлекетке 50 миллион сом зыян келтирген — ВИДЕО

КР УКМК Талас облусунун аймагында жер мыйзамдары жаатындагы коррупциялык схемаларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Талас районунун архитектурасынын, кадастр мамлекеттик мекемесинин, ошондой эле аталган райондун Нуржанов айыл аймагынын кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп алып, 2011-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде трансформацияланбаган айыл чарбанын 5,5 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгени аныкталды.
Көрсөтүлгөн жер тилкеси 20 жарандын жеке менчигине өтүп, анын 17си буга чейин турак жайларды куруп алышканы маалым болду.
Адистердин айтымында, ар бир участоктун баасы 1,5 миллион сомго бааланган. Алардын мамлекетке келтирилген жалпы зыянды болжол менен 50 миллион сомго баалоого болот.
Учурда УКМК келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү процессуалдык чараларды көрүп жатат, — деп айтылат УКМКнын Басма сөз борборунун маалыматында.


