Коом
Акылбек Жапаров: “Президенттикти Насирдин Исанов жеңип чыкса, башкача болмок деген эл ичинде өксүктөр калган”

- Н.Исанов – 90-жылдары ал кезде эл чарбасы деп койчу элек – ал өлкө экономикасын түп-тамырынан бери эң жакшы түшүнгөн премьер-министр болгон. Эч кимге жашыруун эмес, Апсамат Масалиевди кулатып, Акаевди алып келишкен. Ошол күндөр баарыбыздын эсибизде. Исанов менен Акаев президенттик шайлоого чыкканда 2-турда гана Акаев ченемдеги 175 добуштун ордуна 4 добуш ашык алып, 179 добуш менен утуп чыгат. Ошондо Президенттикти Исанов жеңип чыкса, башкача болмок деген эл ичинде өксүктөр калган.
Союз таркап мамлекеттин башына ким келет деп талашып жаткан ошол маалды Насирдин Исанов Верховный Советте 1 сааттык доклад жасаган. Мен баарын кайрадан угуп, көрүп чыктым. Анын докладынан Исановдун экономиканы тереңден билгенин көрүүгө болот.- Ал: “Союз олку-солку болуп жатканда кирешебиз 1 млрд сом, муктаждыгыбыз 4,5 млрд сом” экендигин айтып, “Мындан ары Союздан бөлүнүүчү каражат келбейт, баарыбыз саясат менен алектенбей, экономиканы ойлонолу” деп күйүп-бышып айткан экен. Анын бул сөздөрү бүт элдин жүрөгүндө калган. 30 жыл эл – Насирдин Исановдун ысымын кайталоодон тажаган жок.



