Коом
Баткен облусунун айыл өкмөт кызматкери пара менен кармалды

Кадамжайда пара менен кармалган айыл өкмөттүн өкүлүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка боюнча, 6-октябрда Молдо-Нияз айыл аймагынын өкүлү 40 жаштагы Т.С. 20 гектар жер тилкесин мыйзамдаштырып берүү үчүн ошол айылдын тургуну С.Н.дан 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.
Иш-чара Кадамжай РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлүп, шектүү жеринде кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Пара алуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери уланууда.



