Ысык-Көл ОИИБде кыргыз тили боюнча жат жазуу жазылды — ФОТО

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүн утурлай, Ысык-Көл ОИИБдин борбордук аппаратынын өздүк курамы кыргыз тилинен жат жазуу жазышты.
Аталган иш-чара Ысык-Көл ОИИБдин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча комиссиясынын демилгеси жана К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун кыргыз тили жана адабияты факультетинин окутуучулар курамынын колдоосу менен биргеликте өткөрүлдү. Облустук милициянын борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын кызматкерлери Кыргыз тилин билүүдөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүк темасында жат жазуу жазышты.
«Жат жазуунун тексти Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестинен үзүндү болду. Анткени анда, кыргыз тилинин эрежелерин билүү боюнча орфография бар», — деп белгиледи Ысык-Көл ОИИБдин уюштуруу-тескөөчүлүк бөлүмүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улук инспектору Айбек Касымов.
Жат жазуунун жыйынтыгы мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чарада жарыяланат.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө байланыштуу иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.







