Коом
Бишкектин тургунунун үйүнөн героин жана апийим табылды

ИИМдин БМЖККК тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө 1984-жылы туулган К.У. аттуу жарандын үйдүн короосунан кызматтык иттин жардамы менен жашыл түстөгү курулуш мээлейи табылып, анын ичинде боз түстөгү өзгөчө жыты бар зат, салмагы 40 грамм героин, апийим 90 грамм табылган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган шектүү К.У. Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.




