Дүйнө

Индия мамлекетинин аталышы Бхарат болуп өзгөрүшү мүмкүн

Өлкөнүн эл аралык аталышы Индия Республикасы  Бхарат  болуп өзгөрүшү мүмкүн деп билдирет Tengrinews.kz.

Индиянын маалымат каражаттары кабарлагандай, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди башында турган өкмөт 18-сентябрдан 22-сентябрга чейин өтүүчү парламенттин кезексиз сессиясына өлкөнүн атын Бхарат деп өзгөртүү боюнча резолюция киргизиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, «Бхарат» өлкөнүн аталышы катары Индиянын азыркы конституциясында кездешет. Анда «Индия, Бхарат сыяктуу эле мамлекеттердин союзу катары түзүлдү» деп айтылган. Бхарат Индия үчүн расмий хинди аты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button