Коом

ӨКМдин куткаруучулары байланыш жана атайын шаймандар менен камсыздалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары тоо-кен куткаруу иштеринде колдонулуучу заманбап байланыш каражаттары менен камсыздалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Шаймандар министрликтин каржылоосу менен Россия Федерациясынан алып келинген. Алардын арасында ар кандай газдарды өлчөөчү, газдан уулануу учурунда тез жардам көрсөтүүчү медициналык жабдыктар да бар.


Маалымат үчүн: өткөн жыл ичинде Тоо кырсыгынан куткаруу кызматы үчүн министрликтин каржылоосу менен JAC үлгүсүндөгү пикап унаасы да алынган. Мындан сырткары, ички каражаттын эсебинен эскилиги жеткен куткаруу шаймандары жаңыланып, өздүк курам үчүн кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button