Спорт

Италияда футбол күйөрмандары кокустан стадионду өрттөштү

Италиянын футболдук стадионунда көрүүчүлөр тараптан кокустан өрт чыгып, стадион жараксыз абалга келген. Бул тууралуу Tengri Sport  жазды.

Тилсиз жоо «Таранто» жана «Фоджа» фудболдук командаларынын оюнунан кийин болгон. Көрүүчүлөр тараптан тутанган өрт стадионду толук каптаган. Өрттүн келип чыгуусунун бирден бир себеби желим буюмдун күйүшүнөн улам башталган. Кырсыктан жабыркагандар жок деп билдирет маалыматта.

«Фоджа» клубунун басма сөз кызматы окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын, күнөөлүлөр  аныкталаарын билдирген. Стадион толугу менен күйүп кеткендиктен «Таранто» командасы машыгуу үчүн жерсиз калгандыгын кошумчалаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button