Коом
Коомдук транспортко батпай калган окуучулардын сүрөтү талкуу жаратты

Социалдык тармактарга коомдук транспортко батпай калган окуучу кыз менен баланынын сүрөтү жарыяланып, талкуу жаратты. Колдонуучулар бул сүрөт окуу жылынын башталышы борбор шаарыбыздагы транспорт көйгөйлөрүн кайрадан ачыктаганын жазышты.
Эске салсак, Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү пландап жатат. Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов жол кире 20-22 сомго чейин көтөрүлөрүн айткан.



