11-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-сентябрга карата республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө жана Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32…+37, Талас облусунда +29…+34, Ысык-Көл, Нарын облустарында +22…+27 градус, ал эми Бишкек жана Ош шаарларында +35…+37 градуска чейин жылуу болот.



