Камчыбек Ташиев аскер кызматкерлерине батирдин ачкычын тапшырды

12-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычын тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Иш-чарага Камчыбек Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын директору, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышышты.
Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Иш-чарада сөз сүйлөгөн генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны бекемдөө, өлкөнүн жана жалпы аймактын чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.
Көптөн күткөн жаңы батирлердин ачкычтарын 36 аскер кызматчынын үй-бүлөлөрү алышты. Жаңы турак-жай комплексинде алар үчүн көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган. Бул үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 м2 түзөт. Үй жеке долбоор менен курулган.



