Коом
13-сентябрга карата аба ырайы
Шаршембиде Ош, Талас, Баткенден башка облустардын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21…+26, Талас, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27…+32 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +24…+26, Ош калаасында +30…+32 градуска жетет.



