ДүйнөОкуялар

Коронавирус кайра жандандыбы? Европа жана АКШда ковид жуктургандардын саны өстү

Ковидден улам Европада жана АКШда оорунун дагы бир өсүшү байкалууда. Коронавирустун жаңы варианты канчалык кооптуу жана чектөөлөр киргизилеби?  

Маалыматка ылайык, Европа жана АКШда ковидден жабыркагандардын саны байкалууда. Мындан улам кырдаал олуттуу деп эскертилет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун мүчөсү Мария ван Керикхов«Ковидди учурда миллиондогон адамдар жуктуруп, кайра башкаларга жугузуп жатат. Биздин эсептөөлөр боюнча, азыр жүз миңдеген адамдар ковидден улам ооруканада»— деди.

ЕВРО БИРИМДИКТТИН ООРУЛАРДЫ АЛДЫНД АЛУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОРБОРУНУН МААЛЫМАТЫ БОЮНЧА, КОВИДДИН ӨСҮШҮНҮН НЕГИЗГИ СЕБЕБИ — ЭС АЛУУ МЕЗГИЛИ, АДАМДАР БИРИ-БИРИ МЕНЕН КӨП БАЙЛАНЫШТА БОЛГОНДУГУ ЖАНА  КАЛКТЫН ИММУНДУК КОРГОНУУСУНУН НАЧАРЛАШЫ.

Мындан тышкары, коронавирустун  жаңы BA.2.86 «Пирол» деп аталган түрү пайда болду.

Америкалык эпидемиолог Денис Нэштин айтымында, «Биз азырынча бардык иш аракеттин чоо-жайын биле элекпиз, бирок биз билген нерсе бул жаңы «Пирола» вирус иммунитетти айланып өтүп, инфекцияны жуктуруу ыктымалдуулугун жогорулатат. Бул жаңы түрү адамды катуурак ооруга алып келиши мүмкүн.»  

«ПИРОЛАГА» КАРШЫ ВАКЦИНА АКШДА БЕКИТИЛГЕН. УШУЛ КҮЗДӨН ТАРТА КОЛДОНУЛУП БАШТАЙТ. ДАРЫГЕРЛЕРДИН АЙТЫМЫНДА ВАКЦИНА ВИРУСКА КАРШЫ ЭФФЕКТИВДҮҮ ИШТЕЙТ. БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ ВАКЦИНА КАРЫ АДАМДАР ЖАНА ИММУНИТЕТИ ТӨМӨН АДАМДАРГА КОЛДОНУЛАТ”

Америкалык микробиолог Уэсли Лонг«Убакыттын өтүүшү менен иммунитет короновирска каршы алсызданат. Мындай абал оорулулардын санын көбөйтөт. Ошондуктан жаңы вакцина каронавирустун жайылынышына каршы жакшы иштейт»,- дейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button