Коом

Сүйүнчү! Бишкекте 3 эм уул төрөлдү

Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда15-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь районунун 34 жаштагы тургуну кесарево жолу менен кош бойлуулуктун 36-жумасында үч эм уул төрөдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бул анын 5-төрөтү. Наристелер 3 килограмм 300 грамм, 3 килограмм 660 грамм, 3 килограмм 445 грамм салмакта төрөлгөн.

«Жаңы төрөлгөн ымыркайлар балдардын реанимация бөлүмүндө жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы турукташкандан кийин ара төрөлгөн балдарга кам көрүүнүн 2-баскычы бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө эне жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарууга даярданып жатабыз», —деди Шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button