УКМК: Социалдык тармактарда провокациялык видеоролик тараткан жаран кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, социалдык тармактарда интернет мейкиндигинен анонимдүү жана фейк аккаунттар аркылуу КНР жарандарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу коомчулукта КНР жарандарына карата терс көз карашты жасалма түрдө жаратуу жана улуттар аралык кастыкты козутуу максатында жалган жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялоо жана таратуу улантылып келет.


Коомчулукка «Instagram» социалдык тармагында «mamyrbaiv» аттуу аккаунттун ээси аныкталды — КР жараны «М.Б.М.», 1986-жылы туулган. Ал Кытай жарандарынын КРдеги жүрүшү боюнча теманы курчутуу, жеке кызыкчылыктарын көздөө жана улуттар аралык кастыкты козутуу максатында социалдык тармактарга чындыкка дал келбеген видеоролик жарыялаган. Ал видеодо «Мамлекеттик ипотекалык компанияга» тиешелүү көп кабаттуу турак үйдүн фасаддык бөлүгүнүн сапатсыз курулушу жана бузулушу тууралуу чындыкка туура келбеген комментарийлер берилген.
Аныкталгандай, видеороликтин автору «М.Б.М.» курулуш тармагында (монолитчи) иштейт жана объектинин долбоордук өзгөртүүлөрү менен фасаддык бөлүгүн демонтаждоо пландалганын билген. Бирок ошол фактыларды атайылап колдонуп, жеке антипатиясынын негизинде КНР жаранынан турган куруучуларга карата провокациялык мүнөздөгү видеону тартып, жарыялаган.
КРнин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги бул видео боюнча расмий түрдө төгүндөө тараткан. Анда фасаддык бөлүктө долбоордук өзгөртүүлөр жүргүзүлүп жатканы, терезелер жаңы долбоорго ылайык келтирүү үчүн шахматтык тартипте орнотулуп, кайра демонтаж болгону, ошондой эле бардык курулуш иштери министрликтин көзөмөлүндө, талаптарга ылайык жана сапаттуу материалдар менен аткарылып жатканы белгиленген.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча кылмыш иши козголуп, «М.Б.М.» ГКНБнын СИЗОсуна киргизилди. Тийиштүү тергөө иш-чаралары уланып жатат.
КР УКМК чындыкка дал келбеген жана провокациялык мазмундагы, улуттар аралык кастыкка чакырган маалыматтарды таратуу жана жарыялагандык үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертет.



