Коом
Лейлекте алдамчылык боюнча 3 кылмыштын бети ачылды

Лейлек районунун аймагында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Лейлек РИИБдин кызматкерлери паспорттук режимдерди өткөрүүдө.
Лейлек РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү жана кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери биргеликте мобилдик топторго бөлүнүп, район аймагындагы бардык кожолуктарга кирип, жашоочулар менен кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Бир күндүк иш-чарада паспорттук режим өткөрүү учурунда 29117 жаранды камтыган 6931 кожолук текшерилип, үч алдамчылык фактысынын бети ачылды.



