«Өзүмдү бирден чогулттум». Айсулуу Тыныбекова беттештен кийин маек берди
«Жалпы командабыз менен алтынга максат коюп келгенбиз». Бул тууралуу Айсулуу Тыныбекова жеңиштен кийин берген маегинде билдирди.
«4 жыл мурун биринчи жолу тарых жаратып, алтын байгеге ээ болгом. 4 жылдан кийин дагы бир жолу тарых жаратып жатабыз. Алтын медаль бул жеке менин эле медалым эмес, анын аркасында канчалаган эмгек, мээнет турат. Азыр сүйүнүчүмө чек жок. Тарых жаратууга мени себепкер кылып жатканына шүгүр. Менин күйөрмандарыма, кыргыз элиме, өлкө башчыбызга, федерацияга ыраазычылык билдирем. Эң негизги максат Дүйнө чемпиондугу болчу. Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуп жаткандыктан күчтүү өттү. Дүйнө чемпиондугунда жеңилген күндөн тарта, өзүмдү бирден чогулттум десем болот. Жеңилгенде аябай жаман акыбалга түшкөм. Максат койсоң, аягы жакшы болот экен. Азия оюндарына да барабыз дегенбиз, бирок бизге ушул беттеш маанилүү болчу», — деди ал.