Коом

Жаңы-Жердеги адам өлтүрүү. Шектүүлөр кармалды

Кечээ, 22-сентябрда Жаңы-Жер айылынын тургуну 1954-жылы туулган жарандын денесинде октон алган жаракаты менен жансыз денеси ооруканага жеткирилген. Ошондой эле аталган клиникалык ооруканага ошол эле Жаңы-Жер айылынын экинчи тургуну 1986-жылы туулган жаран октон алган жаракаты менен жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында «улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар болгондугу аныкталган. Ал эми шектүүлөр изделип жаткан. 

Чүй ОИИБ маалымат таратып, шектүүлөр кармалганын билдиришти. 30дан ашык адам Сокулук РИИБге жеткирилип, суракка алынган.Шектүү катары айылдын 3 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция бул иш боюнча дагы эки айыпталуучуну издеп жатат. Алар качып кетүүгө үлгүрүшкөн. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button