Коом

Ысык-Көлдө браконьерлер кармалды

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан браконьерликке каршы күрөшүү боюнча активдүү иштерди турмушка ашырып келүүдө. Алар мыйзамсыз балык кармоочу жерлерди такай текшерип, браконьерликке бөгөт коюп келишүүдө.
Жакында Каракол шаарынын четинде жайгашкан суунун оозунун жанынан мыйзамсыз 5 даана форель кармаган үчүн Т.Т. аттуу жергиликтүү тургун кармалды. Кармалган жарандан балык уулоочу курал катары деге алынды.
Ошол эле күнү, Түп районунун Михайловка айылынын жанынан көлдөн мыйзамсыз балык кармаган 29 жаштагы жергиликтүү тургун К.С. кармалган. Андан 7 даана форель жана 1 даана лещ балыктары, ошондой эле бир үйлөмө резина кайык жана 80 метр узундуктагы синтетикалык балык тору далил катары алынган.
Аталган фактылар аймактык ички иштер бөлүмдөрүндө катталып, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматтарына өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button