Коом

Депутат той-ашта кошумчаны алтын менен берүүнү сунуштады 

Балбак Түлөбаев түрктөрдүн салтын мисал келтирип, алтындын куну акчага караганда туруктуу экенин белгиледи. 

“Түркияда жакшылык, тойлордо акчанын ордуна алтын алып барышат. Бизде деле той-ашта 2 миң, 5 миң, катышыңа жараша 10 миң сомго чейин көтөрүп барабыз. Көрүндүккө торпок, кой, жылкы берип жатабыз. Алтын чирибейт, куну туруктуу. Жылкы деле кыргыздын инвестициясы, ошонун ордуна алтын берсек деген сунушту киргизем”, — деди эл өкүлү. 

Ал муну менен өлкөнүн экономикасын да колдоп алса болорун кошумчалады. 

Тектеш кабарлар

Back to top button