Коом
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал — Казарман тилкесине таш түштү

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал — Казарман тилкесинде (270-274-чакырым аралыгы) таш кулап, тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тоо боорунан кулаган таштардын – көчкүнүн жалпы көлөмү 15 миң м3 түзөт. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын № 18 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.
«Жаратылыш кырсыгы 4-октябрга караган түнү катталган. Жабыркагандар жок. Учурда жолдун эки тарабында турган 25-30 чакты унаалар өткөрүлүп, тазалоо иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.



