Коом
Айдоочу көңүл буруңуз! Эми Бишкектин айрым көчөлөрүнө унааны кыйгачтатып токтотууга болбойт

Эми Бишкектин борбордук бир тараптуу көчөлөрүнө автоунааны кыйгачтатып токтото албайсыз.
Жаңы эреже боюнча, машиналарды «балатынын» формасындай эмес, жолду бойлой токтотууга гана болот. Бийлик мындай ыкма менен шаардагы жол тыгынды азайтууну көздөөдө. Жол белгилери коюла баштады. Жаңы эреже бир жума ичинде иштей башташы күтүлүүдө.



