Коом

Чолпон-Атада Кыргызстан менен Россиянын аскердик-техникалык кызматташтыгы талкууланды

4-5-октябрда Чолпон-Ата шаарында коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартовдун катышуусунда Кыргызстан менен Россиянын аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиясынын 17-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, отурумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын коргоо ведомстволорунун аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы актуалдуу маселелер жана мындан аркы өнүгүүсү талкууланды.

Отурумдун соңунда тараптар эки мамлекет ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button