Марс Сариев: Москва иш жүзүндө Рахмонду суракка чакырып жатат

Саясат таанычуу Марс Сариев президент Рахмондун 9-майды майрамдоого Москвага баратканына комментарий берди.
“Менин көз карашымда, Рахмондун 9-майды майрамдоого Москвага баратканы — иш жүзүнө келгенде, Казанда ЕАЭБдин кеңешмеси, Дүйшөмбүдө ЖККУнун кеңешмеси (ЖККУда Тажикистан башчылык кылып жаткан) өтүп жаткан кезде Тажикистандын президентинин демаршы, чагылгандай тез согуш жасоого кылган аракети үчүн аны суракка чакырып жатат.
Тажикистандын согуштук демаршынын айынан Москванын репутациясы чоң жоготууларга дуушар болгонун алар түшүнүп турат. Иш жүзүнө келгенде бул деген суракка чакырууну билдирет. Ушундай жол менен Москва Рахмонду ооздуктоо аракетин көрүп, түзүлгөн кырдаалдын глобалдуу арбитрынын позициясына чыгуу камын жасап жатат. Анткени бул (Тажикистандын баскынчылыгы — редакция) Москванын гана репутациясына көлөкө түшүрбөстөн, жалпы эле ЖККУ, ЕАЭБ сыяктуу уюмдарга да өтө чоң залалын тийгизет.
Бул формалдуу шылтоо — 9-майды майрамдоого чакыруу — иш жүзүндө суракка чакыруу болуп саналат, анткени Тажикистан өзүнүн иш-аракетинин (баскынчылыгы — ред.) натыйжасында Россияны ыңгайсыз абалга салып таштады. Кремль Борбордук Азияда тааасирин өтө тездик менен жоготуп жаткан мезгилде бул (Рахмонду суракка чакырганы — ред.) Россиянын түзүлүп калган татаал кырдаалдан чыгуу камы», — дейт саясат таануучу.



