Окуялар

УКМК: К.Асанбектин өлүмү үчүн өч алууну көздөп келген Өзбекстандын 3 жараны кармалды — ВИДЕО

Мыйзамдагы ууру К.Асанбектин (Кɵлбаев) ɵчүн алуу үчүн Ɵзбекстандан атайын үч жаран, адам өлтүрүүгө чек араны бузуп Кыргызстандын аймагына ɵтүп келишкен.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Булар Ɵзбекстанда бир канча адамдарды ɵлтүргɵндүгү аныкталып, ал жакта да издɵɵдɵ жүрүшкɵн Ɵзбекстандын жарандары:

— Каримбердиев Ойбек Аббос угли, 1997 жылы туулган;

— Рустамов Азамат Шухратович, 1996 жылы туулган;

— Абдулкаффаров Исламхон Абдусамат угли, 1994 жылы туулган.

Алдын-ала суракта берилген кɵрсɵтмɵлɵргɵ ылайык жогорудагы Ɵзбекстандын жарандары мыйзамдагы ууру К.Асанбектин (Кɵлбаев) ɵчүн алуу үчүн, керектүү адамды жок кылуу буюртмасы криминалдар тарабынан берилгенин билдиришкен.

УКМКнын кызматкерлеринин «Альфа» атайын кызматы менен биргеликте ыкчам иштеринин жыйынтыгында жогорудагы Адам олтурууго аракет кылгандар Бишкек шаарынан кармалышып, 2023 жылдын 13-октябрында Ɵзбекстан тарабына ɵткɵрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button